Кыргызстандын туңгуч президенти
Аскар Акаев Орусиянын Прикладдык илимдер академиясынын лауреаты болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары бүгүн, 12-мартта жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган академиянын президенти Юрий Давыдов Аскар Акаевге "Илимге кошкон салымы үчүн" алтын медалын тапшырды. Сыйлоо салтанатынан кийин Акаев "Жердин климатын стабилдештирүү үчүн 21-кылымдын энергетикалык стратегиясы" деген темада доклад окуду.