Токтогул эли суу сактагыч басып калган жерлеринин ордуна төлөнүп жаткан компенсациянын аздыгына нааразы

Токтогул районунун эли айдоо жерлеринин суу сактагыч басып, анын ордуна мыйзам аркылуу электр кубатына Токтогул районуна белгиленген 10 миллион сомдук компенсациянын төрттөн биринин гана берилип жатышына нааразы. Муну 11-мартта “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен жолугушууда жашоочулар билдиришти.

Жергиликтүү жашоочулар минтип баш айландыруунун ордуна 1 киловатт-саат электр кубатынын баасын жалпы эле 35 тыйындан деп белгилөөнү суранышты. Депутат Сайдулла Нышанов быйылкы дыйкандарга берилчү жеңилдетилген насыя боюнча элге маалымат берип, айыл чарба, суу чарба кызматкерлеринин айлыктарынын аздыгы боюнча өкмөттүн алдына маселе коюп жатканын билдирди.  

Жолугушууда жайыттардын жетишсиздиги, балдар батпаган мектептерге кошумча корпус куруу маселеси да кеңири талкууга алынганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан