Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасы каралбай жатат

Бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, Камчыбек Ташиев соттук-психикалык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин гана аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү Жогорку Сотко жиберилген. Эске салсак, Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен бүгүн Биринчи Май районундук сотунда Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу маселеси каралмак. Бирок депутат УКМКнын кармоочу жайынан Биринчи Май районунун сотуна мекеменин иш күнү аяктагыча, тактап айтсак, 17:30га чейин алынып келинген жок. "Мунун себеби эмнеде?" деген суроого Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов: "Бул тууралуу эч нерсе айта албайм",- деп жооп берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан