“Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Орусия жетекчилигин Крымды Орусиянын аймагына кошуп алуу аракетин токтотууга чакырды. Маалымат бүгүн, 12-мартта белгилүү болду. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу бул тема боюнча расмий билдирүү 12-март күнү кечинде жарыялана турганын билдирди.
Буга чейин Батыштын бир катар өлкөлөрү Крымга байланыштуу Орусиянын аракетин мыйзамсыз деп билдирип келишкен. Ал эми Орусия Крым элинин тандоосун урматтай турганын билдирип, өзүнүн аракетин эл аралык келишимдерге каршы келбей турганын айткан. 16-мартта Крымда өлкөнүн статусу боюнча референдум өткөнү жатат. Анда көпчүлүк колдосо, Крым Орусиянын аймагына кирмекчи.
Айта кетсек, “Чоң жетиликке” АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Италия, Канада жана Япония кирет.