“КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 12-мартта президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” КРнын мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жобо жана аны башкаруу схемасы бекитилди.

Өкмөткө ушул жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечүү жана өзүнүн чечимдерин ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан