“Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 12-мартта президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлык Коргоо кеңешинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системин реформалоо тууралуу маселеси боюнча чечимин ишке ашыруу максатында жана “Коргоо жана КРнын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” мыйзамына ылайык кабыл алынды.

Жарлык жогоруда аталган Коргоо кеңешинин чечиминин КРнын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм катары түзүү бөлүгүн ишке ашырууну камтыйт.

Өкмөткө ушул жарлыктан келип чыгуучу укуктук, уюштуруучулук, каржылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечүү жана өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан