Бишкек: Шаардык олимпиадада жеңүүчү болгондордун көбү №61-мектептин жана №5-гимназиянын окуучулары 

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарындагы мектеп олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Иш-чарага Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаева баш болгон тийиштүү мекеме башчылары катышканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуу предметтери боюнча жеңүүчү болгон 109 окуучуга сыйлыктар тапшырылды. 35 окуучу 1-орунду, 36 окуучу 2-орунду жана 38 окуучу 3-орунду ээлешти. Шаардык олимпиадада 1-орунду алган окуучулар 2014-жылдын 27-28-март күндөрү өтө турган республикалык олимпиадага катышат.

Айта кетсек, шаардык олимпиадага 423 окуучу катышкан. Жеңүүчүлөрдүн көбү №61-мектептин жана №5-гимназиянын окуучулары болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан