Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев 2012-жылы Кыргызстанга 10 миллиард сомдук дары-дармек киргенин билдирди. Айтымында, ал дарылардын 99 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулган.
“Кошумча нарк салыгынан бошотуудан улам бюджетке 1,2 миллиард сом киреше түшпөй калууда. Мен кайсы дарыларга кошумча нарк салыгы алынып, кайсыларына алынбай турганын сурасам, андай текшерүү болбой турганын айтышты. Бул эмне дегендик?”- деп нааразылыгын билдирди депутат.