Туратбек Мадылбеков “кызматкердин мыйзамсыз иштен айдалышына жол берген чиновниктерди жоопко тартыш керек” дейт

Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков кызматкердин мыйзамсыз иштен айдалышына жол берген чиновниктерди жоопко тартыш керектигин айтып чыкты. Айтымында, учурда мыйзамсыз иштен айдалгандардын соттошуусу көбөйдү.

“Чиновниктердин мыйзамсыз иштеринин айынан мамлекеттик казына ири зыянга туш болууда”,- деген депутат каржы министринен соттон кийинки компенсация төлөөгө канча чыгым келтирилгенин жана канча адам жоопкерчиликке тартылганын сурады.

Каржы министри Ольга Лаврова өзү башкарган министрликте 5 адам иштен айдалганын, сот алардын мыйзамсыз бошотулганы тууралуу чечим чыгарганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан