Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын Октябрь району боюнча өткөргөн рейдинин жүрүшүндө 7-кичи районунда жайгашкан соода күркөлөрүнүн жана "Илбирс" дүкөнүнө тиешелүү аймактарда санитардык талаптардын бузулушу катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кичи райондогу Безымянная жана Ж.Пудовкин көчөлөрүндө жайгашкан жер-жемиштерди сатуучу күркөлөрүнүн жана "Орто-Сай" базарында жайгашкан "Илбирс", "Ярмарка" дүкөндөрүнүн айланасында таштандылар ташталып, антисанитардык абал түзүлгөн.
Рейддин жыйынтыгы менен аталган соода түйүндөрүнүн ээлеринин атына КРнын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексинин 489-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.