Бүгүн Арча-Бешик жана Көк-Жар жаңы конуштарында "акылдуу" эсептегичтер орнотулат

Бүгүн, 13-мартта Арча-Бешик жана Көк-Жар жаңы конуштарында "акылдуу" эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, эсептегичтерди орнотуу иштери саат 09:00дөн 17:00гө чейин болот. Бул убакыт аралыгында аталган аймактарда жарык өчүрүлөт.

Айта кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарында 11404 “акылдуу” эсептегич орнотулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан