Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандагы бир айга болгон орточо айлык акынын өлчөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жумушчулардын орточо айлык акысы 11 008 сомду түздү. Ал эми ушул жылдын январь-февраль айларында катталган жумушсуздардын саны 59 миң адамды түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4 пайызга аз.