“Түштүктө талаа иштери башталды, банкка барса Каржы министрлиги акча бөлбөй жатканын айтышыптыр. Насыяларды качан алышып, дыйкандар качан ишин башташат? Коммерциялык банктардан да бериле турганын айттыңар эле, кайсы банктардан берилет? Берсек эртерээк берели, берилбесе бербейбиз деп айтышыбыз керек”,- деди депутат.
Бул маселе боюнча өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө сунушун айтты.