15-мартта Ош мамлекеттик университетинин ондон ашуун студенттик тайпасы Сулайман тоого чыгышып, жазгы тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта аталган окуу жайдын Тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов билдирди.
Мындан сырткары 14-15-март күндөрү бардык факультеттердин төмөнкү курсттарынын студенттери Ак-Буура дарыясынын жээктеринде, шаардагы эс алуу бактарында ишембилик өткөрүшмөкчү.