Депутаттар өлкөдө айрым алтын компаниялары лицензиясынын мөөнөтү бүтсө да иштеп жатканын айтышты

Парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева өлкөдө алтын казуу менен алектенген бир катар ишканалар лицензиясынын мөөнөтү бүтсө да иштеп жатканын айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, Баткен облусунда 23, Жалал-Абад облусунда 30, Ысык-Көл облусунда 15 компанияга лицензия берилген.

“Мисалы, Нарында “Голд Майнинг” деген компаниянын лицензиясынын мөөнөтү 2011-жылы бүткөн, дагы эле иштеп жатат. Айрым компанияларга лицензия 2032-2033-жылга чейин берилиптир. Бул мезгилге чейин алар кантип иштешет? Ар кайсы жерди казып талкалаганды токтотуш керек”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан