Бүгүн, 13-мартта Профсоюздар үйүндө жаш балдарды тамеки тармагында иштетүүнү токтотуу боюнча Улуттук консультациялык комитетинин отуруму өтүүдө.
“КРнын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 6-18 жаштагы балдарды тамеки өстүрүү жана жасоо жумуштарынан бошотуу боюнча атайын долбоорлор жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2005-2012-жылдары 8552 бала, 2013-жылдын ичинде 3940 бала тамеки жасоо тармагындагы жумуштан алынды”,- деп айтылды отурумда.