Асылбек Жээнбеков “бийликке тосмодон секирип эмес, шайлоо менен келүү керек” дейт

Парламенттин 13-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков оппозиция мыйзам чегинде иш кылса, эч ким тоскоол болбой турганын айтты. Анын билдиришинче, төраганын атына өлкө жарандарынан тынчтыкты сактоо боюнча көп кайрылуу түшүүдө.

"Бийлик талашуу конституциялык талаада болушу керек. Бийликке келүү тосмодон секирүү менен эмес, шайлоо аркылуу болушу зарыл. Азчылык көпчүлүккө баш ийгенди да билиши керек. Өнүгүү үчүн тынчтык керек. Аны камсыз кыла турган Конституциябыз бар",- дейт төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан