Бүгүн, 13-мартта Бишкектеги Профсоюздар үйүндө “Тамеки өстүрүүдө жаш балдарды иштетүүгө тыюу салуу” аталышындагы долбоордун жыйынтыгы талкууланып жатат.
Маалым болгондой, аталган долбоор 2005-2013-жылдары Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ноокат жана Ала-Бука райондорунда жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында тамеки өстүрүү тармагында иштеген 4971 үй-бүлө жалпысынан 72 миллион 782 миң сом насыя алган.
“Долбоордун алкагында Ноокат районунда 3467 үй-бүлө 50 миллион 852 миң сом, Ала-Бука районунда 1264 үй-бүлө 12 миллион 130 миң сом насыя алды”,- деди долбоордун жетекчиси Е.Шувалова.
Белгилей кетсек, күрөөсүз чакан насыя жеңилдетилген пайыз менен берилген.