“Аскерлер алынган жок, жолдун курулушу токтоп турат. Жолду куруу үчүн тоону жардыруу керек болууда. Бирок тажик чек арачылары ал тоонун жанында карап турушат. Желектерин илип алышкан. Ал жерге биздин генералдар бара алышпайт, коркушат. Маселе чече албаган вице-премьер-министрдин эмне кереги бар? Токон Мамытов расмий маалымат берүү менен гана чектелүүдө. Бул органга бөлүнгөн акчаны чек арачыларга которуп, жашоо шартын оңдосок болот”,- деди депутат.