Бишкекте "Тазалык" кызматкерлеринин эмгек акылары 3 миң сомго жогорулайт

"2014-жылдан баштап Бишкектеги "Тазалык" кызматкерлеринин эмгек акысы 3 миң сомго көбөйөт",- деп билдирди бүгүн, 13-мартта вице-мэр Мурат Исмаилов шаардык кеңештин 11-сессиясында.
Анын айтымында, бул жылы 210 "Тазалык" кызматкеринин маянасы 3 миң сомго жогорулады. Орточо маяна 6800 сомду түзүүдө.
Ошондой эле вице-мэр шаардын тазалыгын сактоо жана жашылдандыруу иштерине 10 миллион сом бөлүнгөнүн жана каралган каражаттын жарым миллиону балдар аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерине жумшаларын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан