Жогорку Кеңештин
13-марттагы жыйынында депутаттар Кыргызстанда “Ала-Тоо финанс” агенттигин
кайрадан ачууну сунушташууда. Депутат
Кенжебек Бокоев:
“Бул агенттик жакыр
жашаган үй-бүлөлөр үчүн абдан жакшы колдоо болчу. Жарандар күрөөгө буюм койбой
насыя ала алышчу. Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылыгына келгенде муну жаап
салды. Эмне, элге 7 пайыз менен насыя берүү көптүк кылып кеттиби? Муну кайрадан ачыш керек, тийиштүү органга тапшырма берели”,- деди
Бокоев.
Бул сунушту
жыйында бир катар депутаттар колдоого алышты.