Исмаил Исаков Бажы кызматында “устав” деген сөздү колдонбоону сунуштады

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Бажы кызматында “устав” деген сөздү колдонуудан алып салууну сунуштады. “Бажы кызматы – армия эмес. Бул сөздү алып, ордуна "жобо" дегенди колдонсо болот”,- деди эл өкүлү. Айта кетсек, жыйында Бажы кызматына байланышкан мыйзам долбоору каралып жатат. Ал боюнча депутат “Бажы кызматында себепсиз 3 саат жумушка келбеген кызматкер иштен бошотулат” деп турат. 2 саат 59 мүнөт келбегендер айдалбайт экен. Муну да карап чыгыш керек”,- дейт Исаков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан