Кечээ, 12-мартта өкмөтүн Жалал-Абад облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Ноокен районунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков бүгүн, 13-мартта билдирди.
Ноокен районунун Масы айылындагы спорт-комплекстин курулуш иштери жана Арал айылындагы “Арал-Мазар” дамбасынын абалы менен таанышып чыкты.
Мындан сырткары бүгүнкү күндөгү жазгы талаа жумуштарын өз убагында аткаруу, айыл чарба техникаларын даярдоо милдеттерин, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелерин айтты.
Ошону менен катар токтоп турган ишканаларды кайра жандандыруу иштерин колго алуу бүгүнкү күндүн эң башкы талабы экенин белгилеп өттү.
Иш сапардын жүрүшүндөгү жолугушууларга Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков, облустун прокурору Кылычбек Токтогулов, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Маматжан Миянов, ӨКМ кызматкерлери жана тийиштүү жетекчилер катышышты.