“Азыр токойчулар да погон тагынышып, погондун баркы кетти” дешти депутаттар
Жогорку Кеңештин
13-марттагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев Кыргызстанда погон тагылган
форманын баркы кеткенин айтты. Анын билдиришинче, бул тармакты тартипке салуу - учурдун талабы.
“Погон
тагынгандардын саны көбөйдү. Союз учурунда Коргоо министрлигинин уруксаты менен
гана берилчү. Туура, Бажы жана Салык кызматында иштегендер ушундай форма кийишет.
Эми токойчулар да кийип алышыптыр”,- дейт Абдиев.