Депутат Айнуру Алтыбаева БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 58-сессиясына катышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 58-сессиясынын ишине катышууда. Сессиянын башкы темасы - кыздар менен аялдарга карата миң жылдык өнүгүү максаттарына жетүүгө байланыштуу маселелер.

Жыйында кыздар менен аялдардын укуктарын коргоо, билим менен илимдеги ролу, татыктуу жумуш менен камсыз кылуу, тиричилик зомбулуктарынын алдын алуу маселелери талкууланып жатат. Жыйын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан Парламенттер аралык бирликтин изилдөөлөрү боюнча аялдар саясатка азыраак тартылып жатканы белгиленди. Ошентип, 2013-жылдын аягында парламенттердеги аялдардын санынын катышы 21,8 пайызды түзгөн.

 

Сессияга Кыргызстандын жарандык өкүлдөрүнүн чоң тобу да катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан