2013-жылы “Кайыңды-Кант” ишканасы 165 340 тонна кант кызылчасын иштеткен. Муну менен өндүрүштүн көлөмү 85 пайызга өскөн. Бул тууралуу аталган ишкананын өкүлү Тимур Авазов бүгүн, 13-мартта маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы дыйкандар гектарына 33 тоннага чейин түшүм алышкан. Бул кант кызылчасын өндүрүүдө агромаданияттын өсүп жатышы менен байланыштуу.
“2013-жылы Чүй жана Талас облустарынан 3394 дыйкан “Кайыңды-Кант” ишканасы менен кызматташкан. Алар жалпысынан заводго 184 174 тонна кант кызылчасын алып келишкен. Муну менен ишкананын өндүрүштүк цикли 66 күнгө созулган. Ошондой эле ишканада 25 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн”,- деди Тимур Авазов.