“Жазгы айдап-себүү иштерине даярдыктарды көрүү үчүн дыйкандар кумшекерлерин 36-38 сомдон сатканга мажбур болушууда. Ал эми ортомчулар дыйкандардан арзан баада алышып, элге 50 сомдон жогору сатып жатышат. Муну алар доллардын курсунун жогорулашына таңуулашууда. Чынында, ал анчейин деле таасир бербейт”,- дейт Өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева.
Ошондой эле ал рыноктогу бааны кармап туруш үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдош керек экендигин белгиледи.