Темир Сариев: “Саясий кызматтагы адамдардын мүлкү элге ачык жарыяланышы керек”

Кыргызстанда саясий кызматта жүргөн адамдардын мүлкү жана кирешеси коомчулукка ачык болушу керек. Муну бүгүн, 13-марттагы ЖКнын жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, саясий кызматтагы адам муну туура түшүнүшү керек.

“Саясий кызматтагы адамдардын кирешеси жана мүлкү ачык болушу керек. Бул коомчулуктун талабы. Эл сурайт, “Тиги кызматкер каяктан кымбат унаа сатып алды, кымбат үйдү кайсы акчасына курду?” деп. Ал эми ишкерлердин, жөнөкөй жарандардын кирешеси жашыруун болушу шарт”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан