2013-жылы 2,5 миң адам өндүрүш учурунда жаракат алып, 8 адам каза тапты

“2013-жылы өндүрүш учурунда жаракат алгандардын саны 2,5 миңге барабар болуп, 8 адам каза тапты”,- деп бүгүн, 13-мартта Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын башчысы Асылбек Токтогулов журналисттерге жарыялады.

Анын айтымында, өндүрүш учурунда жаракат алгандардын саны көбөйүүдө. Жумушчулардын жетекчилери коопсуздук эрежелерин алдын ала даярдап, жарыялабаганы буга себеп болуп эсептелинет.

“Мындан тышкары ден соолукка зыян келтирүүчү өндүрүштөрдө иштегендерге кошумча акча каражат бөлүнбөйт”,- деди Асылбек Токтогулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан