Бишкектин Төкөлдөш конушундагы нан азыктарын сактоочу цехте санитардык ченемдердин бузулушу катталды

Бишкек шаарындагы Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан Төкөлдөш конушунун Армейская-196 дарегинде жайгашкан нан азыктарын даярдоочу цехтин аймагында шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык ченемдердин бузулушу катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы менен цехтин ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан