15-мартта Бишкекте “Орусия, биз сени мененбиз!”, "Биз фашизмге каршыбыз!" деген ураандардын астында митинг өтөт

15-мартта саат 15:00дө Бишкектеги "Жеңиш" аянтында “Орусия, биз сени мененбиз!” деген ураандын астында митинг өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, журналист Алишер Ташматов жарыялады.

Анын айтымында, митингге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мектеп окуучулары, студенттер жана Бишкектин тургундары чакырылды. Иш-чарада “Биз фашизмге каршыбыз!”, “Орусия менен достошууну колдойбуз!”, “Калктардын биримдиги үчүн!”, “Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын алмаштырбоо керек!” деген негизги ураандар айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан