Кыргызстанда жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияда жалган же толук эмес маалымат берген мамлекеттик кызматкерлердин жазасын күчөтүү маселеси каралууда. Бул үчүн "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодекске түзөтүүлөр киргизилип жатат.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери, мүлктөрү боюнча декларацияларын толтурууда “туура эмес толтуруу” жана “толук эмес толтуруу” деген түшүнүктөргө аныктамалар берилип, айыптардын өлчөмү такталууда.
Тактап айтканда, мүлкү тууралуу туура эмес маалымат берген мамлекеттик кызматкерлерге 5 миң сом, ал эми декларация толтуруу тартибин кайталап бузгандарга 10 миң сом айып салынмакчы.
Мыйзам долбоору парламенттин 13-марттагы жыйынында үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.