Орусиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн чек араларын коргоо боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Аталган документке ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн чек араларын коргоого жардам берүү жана ал жактагы кырдаалды изилдөө боюнча эксперттик топ түзүлөт. Келишимге Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдавия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия жана Украинанын кол коюусу күтүлүүдө.