Токтогул районунун тургуну өз үйүнөн 50 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 16:30 чамасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Токтогул РИИБинин баңгиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган райондун Кара-Жыгач айылынын тургунунун үйүнөн маңзат табылган. 1983-жылы туулган А.Кнын үйүнүн ичинен ак түстөгү капка салынган, болжол менен 50 килограмм салмактагы марихуана жана 20 даана тегерек, шайба түрүндө жасалып катырылган 245 грамм гашиш алынган.
Учурда кылмышка шектүү тургун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.