Яценюк: “Орусиянын бүт Украинаны басып алуу планы бар”

Орусиянын бүт Украинаны басып алуу боюнча сценарийи бар. Муну бүгүн, 13-мартта Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк билдиргенин ММКлар жарыялашты. Айтымында, Орусия президентинин биринчи сценарийи – кандай формада болсо да Крымга ээлик кылуу.

“Орусиянын башка сценарийи да бар: бүт Украинаны, анын ичинде өлкө борборун басып алууну пландап жатат. Баары анын (ред. Владимир Путин) жеке максатынан көз каранды. Ал бир нече жыл мурун “өткөн кылымдын эң чоң катастрофасы – СССРдин чачырашы” деген эле. Айткым келет, бул кылымдын эң чоң катастрофасы СССРдин калыбына келтирилиши болушу мүмкүн”,- дейт Яценюк. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан