Жогорку Кеңеште бүгүн, 13-мартта Баатыр энелердин статусу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору “Баатыр эне” наамын алуунун жолун оңойлотуп жатат. Мурдагы айрым нормалар жокко чыгарылат. Мисалы, мурда 7 бала төрөп, бирок балдарынын бири каза болуп же соттолсо, ал энеге наам берүүгө тыюу салынган. Мыйзам долбоору аталган чекти алып салат. Демилгени депутаттар Дастан Бекешев, Ширин Айтматова жана башкалар көтөрүп чыгышты.