Эртең, 14-мартта Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын профсоюздук комитети жана эмгек жамаатын коргоо боюнча «Элдик комитет» коомдук бирикмесинин демилгеси менен элдик жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу Ноокен райондук «Элдик комитет» коомдук бирикмесинин төрагасы Муктар Артыкбаев билдирди.
Элдик жыйындын күн тартибинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиевдин мыйзамсыз иш-аракети тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы тарабынан туура эмес кылмыш ишинин козголушу талкууланат.
Фонддун эмгек жамааты А.Осмоналиевге козголгон кылмыш иши атайылап уюштурулган жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт деп эсептейт. Мындан улам чакырылган жетекчилерден жыйынга келип, күнөөнү ачык далилдеп берүүсүн талап кылышууда.