Ташполот Балтабаев талкууда мыйзамды аябай сындап, ал эми добуш берүүдө колдогон депутат кесиптештерине нааразы

Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев жыйында мыйзам долбоорун аябай сындап, бирок добуш берүүдө “макул” деп добуш берген депутаттарга нааразы. Муну депутат ЖКнын 13-марттагы жыйынында айтып чыкты. “Кечээ 2012-жылдын республикалык бюджетин карап жатканда депутаттардын баары аябай сындап, жамандап жатышты эле. Бүгүн баары “макул” деп колдоп добуш беришти”,- деди Балтабаев.

Депутат республикалык бюджет маселесин 2-3 жыл кечиктирбей, өз убагында кароо тартибине өтүүнү сунуштады.

Төрага Асылбек Жээнбеков: “Мындан ары өз учурунда каралат, бул жолу өкмөттүн күнөөсү менен кечигип карап калдык”,- деп сөз берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан