Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кийинки аптада парламент ишембилик уюштура турганын ЖКнын 13-марттагы жыйынында билдирди. Депутаттарды ишембиликке активдүү катышууга чакырган төрага “Ак үйдүн айланасын жылда эле тазалайбыз. Быйыл да чыгабыз. Андан кийин депутат Курмантай Абдиевдин демилгесин ишке ашырып, белгиленген жерге барып көчөт саябыз. Ар бирибиз жок дегенде бирден көчөт отургузалы. Кайсы жерге отургузуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат”,- дейт төрага.
Айрым депутаттар Бишкектеги Ботаникалык бакчаны тазалоого жардам берүүгө кесиптештерин чакырышты.
Эскерте кетсек, Абдиевдин сунушу менен парламент өткөн жыйындардын биринде токтом кабыл алган. Ага ылайык, жазында өлкөдөгү ар бир адам жок дегенде 5тен көчөт отургузуп, айлананы жашылдандырмакчы.