11-12-13-март күндөрү Ош шаарында өзгөчө жардамга муктаж балдардын жашоо шартын жакшыртуу максатында 3 күндүк тренинг болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Анда балдардын коопсуздугунун саясаты жана принциптери тууралуу "ХелсПромдун" социалдык маселелер боюнча серепчиси Жонатан Уоткинс маалымат берди.
Анын айтымында, алар Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2100 балага жардам берүү менен бирге айыл жергелеринде жана алыскы аймактардагы өтө аялуу балдарга жардам көрсөтүлөрүнө ишенет. "Биз өзгөчө муктаждыгы бар дагы 1400 балага жана алардын ата-энелерине "Эдвокаси" компаниясы тарабынан кыйыр жардам берилерин, алар үчүн ар түрдүү ишмердүүлүктөр жана маалыматтык иштер аткарыларын күтөбүз",- дейт.
Аталган жыйынга Улуу Британиядан Жонатан Уоткинс, Тажикстандан Назира Мухамеджанова жана өлкөбүздүн 7 дубанынан өкүлдөр катышты.