Кыздарды сойкулукка тарткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Кожобек Рыспаев адамдарды сойкулукка тарткан жактардын жоопкерчиликтерин күчөтүү маселесине токтолду. Айтымында, жарандардын, жаш кыздардын сойкулук кылышына тоскоолдук жаратуу аракети көрүлүүдө.

Ага ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.

Депутат Ыргал Кадыралиева кыздарды ыплас ишке тарткандарды гана эмес, ошол ишке өз каалоосу менен макул болгон айымдарды да жазалоону сунуштоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан