Бүгүн, 13-мартта КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “КРнын шайлоо жана референдумдарды өткөрүүчү шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Маалым болгондой, аталган мыйзам аймактык жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө караштуу талаптарды жумшартууга багытталган. Мындан тышкары мыйзам аталган комиссиялардын курамына кире турган талапкерлерге орто же жогорку кесиптик билимге ээ болушу боюнча тыюуну жокко чыгарат.
Эскерте кетсек, “КРнын шайлоо жана референдумдарды өткөрүүчү шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамды 2014-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш кабыл алган.