КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басарлары дайындалды. Алар: Ильязбек Субанкулов (жетекчинин биринчи орун басары) менен Закир Тиленов. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 13-мартта кол койду. Айта кетсек, Закир Тиленов мурда Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси, ал эми Ильязбек Субанкулов Коргоо министрлигинде министрдин орун басары болуп эмгектенген.