Кыргызстанда калктын 33 пайызга жакынын балдар түзөт. Муну бүгүн, 13-мартта Улуттук статистика комитети билдирди. 2014-жылдын башында калктын саны 5 миллион 777 миң болсо, анын 1 миллион 895,3 миңин (жалпы калктын 32,8 пайызы) балдар жана өспүрүмдөр түзгөн. Жыл башында 3 миллион 488 миң адам (калктын 60,4 пайызы) эмгекке жарамдуу деп табылса, 393,2 миң адам же калктын 6,8 пайызы карылар экени аныкталган.