Кыргызстанда акыркы жылдары эмгекке жарамдуу адамдардын саны кыскарууда. Муну бүгүн, 13-мартта Улуттук статистика комитети кабарлады. Мисалы, 2011-жылы жалпы калктын 61,1 пайызы, 2012-жылы 61 пайызы, 2013-жылы 60,7 пайызы ишке жарамдуу болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч 60,4 пайызды түздү.
2014-жылга карата Кыргызстанда 2 миллион 856,6 миң эркек, 2 миллион 920 миң аял бар экени белгилүү болду. 1000 аялга 978 мырза туура келет.