Кыргызстанда күнөскана боюнча иш жүргүзгөн фермерлердин ассоциациясын түзүү сунушталууда

Бишкекте бүгүн, 13-мартта күнөскана куруу боюнча окутуу курсунан өткөн жарандарга сертификаттар берилди. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага депутат Эсенгул Исаков катышып, жайы-кышы жашылчаларды өстүрө турган күнөскана сырларын үйрөнүүгө ушундай курстар жардам берерин айтты. Иш-чарада курстун катышуучулары насыялоо шарттарын жакшыртуу, өндүрүлгөн өнүмдү кайра иштетүү маселелерин көтөрүштү. Күнөсканалар боюнча иш жүргүзгөн фермерлердин ассоциациясын түзүү сунушун билдирүү менен өкмөттүн тиешелүү түзүмдөрү ушул багытта жардам берүүсүн өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан