Жогорку Кеңештин имаратында кийинки аптада маалымат борбору ачылат. Муну бүгүн, 13-марттагы ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков жарыялады. Айтымында, маалымат борбору 20 журналистке ылайыкташкан. Парламентте жакында маалымат жыйынын өткөрүүчү зал ачыла турганын да кошумчалады төрага.