Анын айтымында, элдик жыйындын күн тартибинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиевдин мыйзамсыз иш-аракети аркылуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы тарабынан туура эмес кылмыш иши козголушу талкууланат.
Жыйынга айкындуу чындык болуш үчүн А.Осмоналиев менен Б.Аширов чакырылган.
Эмгек жамааты "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш иши атайылап уюштурулган жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт" деп эсептейт. Ошондуктан чакырылган жетекчилерден келип ачык далилдеп берүүсүн талап кылышат.