Ошто «Тонировка» рейдинин жүрүшүндө 4 милиция кызматкери сөгүш алып, экөөсүнө катуу эскертүү берилди

Ош шаарында «Тонировка» рейдинин жүрүшүндө өз автоунаасын мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн 4 милиция кызматкерине сөгүш берилсе, 2 кызматкерге катуу эскертүү берилди. Бул тууралуу 14-мартта ИИМдин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Милиция кызматкерлеринин автоунаасынын айнектеринен караңгылаткан плёнкалар алынып, тийиштүү протокол түзүлдү жана белгиленген суммада айып салынды» деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан