Кыргызстанда учурда мал ооруларынын 6 гана түрүнө акча бөлүнөт

Кыргызстанда учурда мал ооруларынын 6 гана түрүн дарылоого акча бөлүнөт. Муну 13-мартта “Парламент” радиосундагы түз байланышта Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев билдирди. Айтымында, учурда ветеринария жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Мыйзам долбоорунун максаты – калктын ден соолугун жана малдын башын аман сактоону камсыз кылуу, мал азыктарын жогорулатуу, Мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүү. Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуу аракетин көрүп жатканда ветеринария багытына тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керек”,- дейт Узакбаев. 

Депутат СССР маалында мал ооруларынын 110 түрүнө каршы мамлекет тарабынан акча бөлүнүп келсе, учурда 6 гана оорунун түрүнө акча берилип жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан